Баткенде бардык шарттары камсыздалга «Орто-Боз» чек ара заставасы ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 168
 
Опубликовано 10 Января 2019, 13:22

Бүгүн, 10-январда Баткен районунун Орто-Боз айылында «Орто-Боз» чек ара заставасынын имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, заставанын курулушу өткөн жылдын август айында башталып, декабрь айында толугу менен бүткөрүлгөн. Бул жерде чек арачылар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Заставанын ачылышына Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев, облас башчысы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан боюнча жалпы 11 комплекс курулса, анын ичинен 5 объект Баткен облусунда курулду.