Саяпкер Байыш Маматумаров эң күлүк аталган Ахиллести таластык улакчыларга сатпай койгон

turmush
Скачать
Просмотров: 556
 
Опубликовано 10 Января 2019, 11:18

Алай районунун тургуну Байыш Маматумаров жаш кезинен эле жылкыга жакын болуп, ат таптап келет. Анын 6 жыл мурун базардан сатып алган күлүгү быйыл чоң улактарга түшүп баштады.

«Бул атты 6 жыл мурун Өзгөн районундагы мал базардан сатып алып, өзүм бактым. Асыл тукум аттардай бийик болбосо да, узун ат. Абдан бат чуркайт. Мурун кашка ат деп койчубуз. Таластагы «Ынтымак» командасындагы Ахиллес аттуу атка окшош, олжосун алдырбайт. Күлүк болгондуктан бул атка дагы Ахиллес деген атты ыйгарганбыз. Баламдын эң жакшы көргөн аты, ар дайым көк бөрүгө катышып, байгелүү кайтат», - деди Б.Маматумаров.