2000 эчки, тыбыттан түшкөн киреше: Баткендеги эң чоң эчки чарба СССР учурунан бери сакталып келе жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 208
 
Опубликовано 9 Января 2019, 15:21

Баткен шаарындагы «Тегирмен-Башы» чарбасындагы тыбыттуу эчкилердин саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу чарбанын башчысы Калыбай Амиракулов билдирди.
Анын айтымында, тыбыттуу эчкилер союз мезгилинде «Ак-Сай» совхозунан бери келе жатат. Алгач бул жерде 420 баш эчки болсо, азыр 2000 башка жетти. Аларды карап 14 адам эмгектенет. Мында жылына 500 кг жакын тыбыт алынып, ал базар баасында сатылат. Мындагы чоң эчкилерден 350 грамм, улактарынан 180 грамм тыбыт алынат. 2018-жылы тыбыттын 1 кг 1750 сомдон сатылып, 500 миң сомдон ашык киреше табышты.

«1995-жылы өлкө башчысынын атайын указы менен элге кайра бөлүштүрүү башталган убакта жергиликтүү тургундар бул мал чарбаны таратуу эмес, сактап калуу маселесин көтөрүшкөн. Андан кийин «Тегирмен-Башы» эчки чарбасы болуп түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ошол бойдон сакталып келе жатат. Шаардык мэриядан 38 гектар жер берилген. Ал жер иштетилип, эчкилерге тоют, дан өндүрүлөт. Жер үчүн болгону салык эле төлөйбүз», - деди Амиракулов.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов тыбытты кайра иштетүүчү ишканаларды табуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Тегирмен-Башы» эчки чарбасы шаардагы эң чоң мал чарба бодуп эсептелет. Андан сырткары шаарда 10го жакын жеке мал чарбалар бар. Бүгүнкү күндө алар менен тыгыз иштешип, учурда тыбытты кайра иштетүүчү ишканаларды табуу аракеттери көрүлүп жатат», - деди мэр.