Айыл турмушу: Таластык мергенчи Э.Качкынбаев карышкырларды алдап чакырып алып атат

turmush
Скачать
Просмотров: 1365
 
Опубликовано 9 Января 2019, 10:56

Талас районунун Жоон-Арык айылынын 35 жаштагы тургуну Эсенбай Качкынбаев 8- классынан бери мергенчилик кылып, элдин малын карышкырлардан коргоп келе жатат. Аймактык кабарчы аңчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жалпысынан 35 карышкыр аткан.

«8-классымдан бери мергенчиликте кошо жүрүп калдым. Ошондон бери 35 карышкырдай атыптырмын. Мергенчиликке карышкырлар элдин малына кол салган кезде барабыз. Бизге Талас облусунун бардык жеринен малчылардан чалуулар келет. Күн-түн дебей барып, короосун кайтарабыз десек болот. Карышкыр эгерде короого кол салса ал ал жерге сөзсүз баары тынчып калганда түндө келет. Аталарыбыз «карышкыр абдан акылдуу болот, аны амалдуу адам гана атат» деп айтышчу. Биз бригадабыз менен чыкканда ар бирибиздин амалдарыбыз бар. Мисалы күндүзү изин кууп таап атабыз. Ал эми түнкүсүн уулуп чакырабыз.

Жаңы жылдан кийин эле Каракол айылынан 2 карышкыр аттык. Күндүз эле бир малчынын тайын жеп кеткен экен. Биз түндө барып, короосунун айланасында болдук. 200 метр алыстыктан карышкырларды көрүнүп калды. Аны уулуп чакырдык. Экөө тең машинанын жанына чейин келишти. Бири 17 метр аралыктан, бири 30 метр аралыктан атылды.

Биз жакта аба ырайы суук болгондуктан карышкырлар көлөмдүү келишет. Эң карышкырлуу жыл 2016-жыл болду. Карышкыр күндүзү эле 10-20 метр аралыка келип калган учурлар көп болот. Ал жылы мен жалгыз эле 9 карышкыр аткан элем», - деди ал.

Мергенчи жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.