Эл ичи — өнөр кенчи: Элеттик ырчы М.Кундузбеков жубайын комуздун аркасы менен тапкан

turmush
Скачать
Просмотров: 64
 
Опубликовано 8 Января 2019, 09:50

Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 29 жаштагы тургуну Муса Кундузбеков комуз чертип ырдап, башкалардын жакшылыктарында кызмат кылып жүрөт. Аймактык кабарчы ырчы жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча экономист.

«Комузду 4-класстан бери чертем. Ошол убактарда бир тууган эжем менен акем комуз боюнча ийримдерге катышчу. Үйгө келип репетиция кылып кайталап калышканда мен дагы кызыкчумун. Аларды көрүп чертип кеттим. Басма-турсам колумдан комузум түшпөй калган. Кийин айылдан ийримге барып катышайын десем алар үйрөткөндүн барын билчүмүн. «Сен барын билет экенсиң кийин кел» дешкенинен барбай эле өз алдымча үйрөнүп алгам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле музыкага болгон кызыгуу таякелери жактан өткөнүн айтты.

«Айыл ичиндеги той-топурларга уккан-билгендер чакырышат. Барып тойдун көркүн ачып берем. Комуз чертип, ырдап келем. Таластагы тойлорго дагы чыгып жүрөм. Ар кандай төлөп беришет. Өзүм ырдоо баасы 1500 сом деп барсам, 3000-3500 сомго чейин акча кыстаргандар болуп калат. Бул өнөр таякелерим жагымдан өтсө керек деп ойлойм. Аккордеон тартып, комуз чапкан таякебиз бар болчу. Тааныгандар атам өзү дагы комуз черткенин деп айтып калышат.

Комузду тандоодо дагы жакшы айырмалай алам. Негизи өрүк комуздар жакшы болот. Жеңил, кол ойнотконго ыңгайлуу жана уккулуктуу. Кичинемден карагай комузду чертип жүрөм. Ал комузум көзүмө жакшы көрүнөт, баалап колдоном», - деди ал.

Ырчы жигит мындан тышкары өмүрлүк жарын комуздун аркасы менен тапканын айтты.

«Эл менен иштешкен жерде кызыктуу учурлар көп болот. Комузумдун арты менен өмүрлүк жарымды таптым десем болот. Иш-чарада таанышып калганбыз. Сүйлөшүп жүргөндө комуз менен ырдап берчүмүн. Ошентип жүрөгүм багындырам (күлүп). Үй бүлө куруума комузум себепкер болгон», - деди ал.

Муса мырза жубайы экөө 2 кыздын ата-энеси. Айрым учурда тойлордо тамада катары да кызмат көрсөтөт.