Алайда кекиликке чыккан аңчы адистер менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты
Бул тууралуу Жошолу айыл өкмөтүнүн Кердегей айылынын тургундары билдирди.
Алардын айтымында жыл сайын кыш мезгилдеринде Ош облусунунун жаратылышты коргоо департаментинин аңчы адистери өздөрү келип, кекилик атып кетишет. Чачыратма ок менен атып, айрым талаада жүргөн малдарга да ок тийип калган учурлар болгон.