Нуржигит Алымбек уулу Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айлында жашайт. Ал ошол эле айылдагы мектепте 6-класста окуйт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. 13 жаштагы кичинекей ырчы айылдагы болгон иш-чаралардан калбай ырдап жүрөт. Мындан сырткары жаш таланттар жана башка конкурстарга катышып ийгиликтерди жаратып келет.