Баткенде малга кол салган карышкырлар жок кылынат

turmush
Скачать
Просмотров: 165
 
Опубликовано 12 Декабря 2018, 18:43

Бүгүн, 12-декабрда Баткен районунун Базар-Башы кварталында элге кооптуулук жаратып, малга кол салган чөө жана карышкырларды жок кылуу иштери жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул айдын башынан баштап аталган кварталда жалпы 30га жакын майда малды карышкыр жеп кеткен. Буга байланыштуу карышкырлар жашаган деген 2-3 жерди тазалоо иштери жүрдү.