Ат-Башыдагы 750 миң сомго курулган ФАПтын ичи жылыбай, шыбынан суу агып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 570
 
Опубликовано 12 Декабря 2018, 16:04

Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл аймагына караштуу Биринчи май айылында жаңы салынган ФАПтын ичи жылыбай, шыбынан суу агып, кызматкерлердин иштөөсүнө кыйынчылыктарды жаратып келет. Бул тууралуу фельдшер Нуризат Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, аталган ФАП ушул жылдын 15-ноябрында ишке бирилген.

«17-18-ноябрь күндөрү жылытуу системасы иштебей оңдоо иштерин жүргүзүшкөн. Андан кийин от жактык, ошондо эле мешинин үстү тешик болчу. Ага карабай жылуу болсун деп от жакканбыз. Андан кийин шыптан суу агып калды.

3-декабрдан бери ФАП муздак, кишилерди кабыл ала албай жатабыз. Бирок 1 бөлмөгө жылыткыч сайып, калың кийимчен отурабыз. Бул маселе боюнча депутаттарга кайрылсам, ооба оңдолот деген, бирок дайын жок. Иштегениме 3 ай болду. Медайым экөөбүз эмгектенебиз. Көмүр да жетпей калышы мүмкүн. 3 тонна көмүр түшүрүлгөн. Анын 1 тоннасын жактык», - деди ал.

ФАП жергиликтүү бюджеттин эсебинен 750 миң сомго салынган.

«Салгандар от жагып өткөзүп берип кетишкен. Бул жактын кызматкерлерине суу куйган челектин сыртын жылуулап койгула, сууктан тоңуп калышы мүмкүн дешкен. Ал болсо чатырдын үстүнө жайгашкан. Челекти эч ким жылуулап жабышкан эмес жана тоңгон бойдон от жагышкан. Андан кийин суу ташыган», - деди Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бердигулов.