Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 17 жаштагы тургуну Алина Жантаева ырчлык, бийчилик өнөрүн такшалтып жатат. Ал сынактарда жеңишке жетип жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.
Алина үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси, агасы жана 2 иниси бар. Учурда Талас мамлекеттик университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө окуп жатат. Ал маданий иштерге активдүү катышып, өнөрүн тартуулап келет. Мектепте ырдабаган Алина таланты окуу жайда ачылганын айтат.