Кара-Балтадагы окуучулар Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата тасма жаратышты

turmush
Скачать
Просмотров: 172
 
Опубликовано 12 Декабря 2018, 10:16

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектебинин окуучулары Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата көлөкөлүү тасма жаратышты. Мындай саамалык жөнүндө мектеп директору Светлана Краснобородкина маалымдады.

Анын айтымында, тасмага 10-11-класстардын окуучулары мектептин орус тили жана адабияты мугалими Лейла Усупбаеванын жетектөөсүндө тартылган. Тасма республикалык сынакка жолдонгон.

«Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде тартылган көлөкөлүү тасманын узактыгы 7 мүнөттү түзөт. Жаш режиссер, актерлор үчүн бул бир топ изденүүнү жаратты. Албетте, мугалимдер ар тараптан көмөк көрсөтүшүп, чыгарманы кайра-кайра окууга түрткү берди. Мектебибизде таланттуу окуучулар көп экендигин дагы бир жолу тааныдык. Тартылган тасма толугу менен жактырылып, республикалык сынакка сунушталды. Бул биздин мектептин улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата белеги болду», - деди директор.