Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Таш- Жон участкасынын айрым көчөлөрү суусуз калып элдери нааразы болушуп көчөгө чогулушту. Алардын бири Нурбек Осмоев
" Бизде суу ылдыйыш жерлерде суу чыгат да бийикирээк жерде жайгашкан көчөдөгү үйлөрдө жайдан бери суу жок. Жок дегенде кышында чыгып калчуу эле. Эми минтип кашында да чыкпай суусу жок калды. Жалпы 10 жакын көчөлөрдө суу жок. Биз жаштар, унаасы барлар ташып иче беребиз. Бирок кары картаңдар, же үйүндө жумушка жарамдуу балдары жок уй бүлөлөргө кыйын экен. Бирден бир себеби суу чыкпай жатышынын сууну башындагы бөлүштүрүүчү жерден биздин Таш - жон участкасына кеткен турбаны бир аз бүтөп же өзүлөрүнө кеткен жерди чоңойтуп алган учурлар бар. Ошол маселени да көзөмөлдөп беришсе жакшы болмок. Чогулушка келген Бөкөнбаев айылынын таза суу башчысы Акылбек Сагынбаев мындай жооп берди.