Жаш талант: Таластык 15 жаштагы Алымбек роботторду, мультфилмдерди жасону үйрөнүп жатат (фото)

turmush
Скачать
Просмотров: 194
 
Опубликовано 10 Декабря 2018, 12:26

Талас районунун Жоон-Арык айылынын 11 жаштагы тургуну Алымбек Казаков роботторду сүйлөтүп, аниме мультфилмдерди жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учуда 5-класста окуп жатат.

«Биздин мектепке 1 ай мурун политехникалык университеттен мугалимдер келип, 1 жума ичинде программалар менен иштоону үйрөтүп кетишкен. 12 окуучу үйрөнүп чыкканбыз. Мен лего менен робот жасап чыктым. Роботум программа менен иштеп, буюмдарды бир жерден экинчи жерге коюу, таштандыларды чогултуу функциясын аткарат. Бош убактымда аниме мультфилмдерди жасайм. Аларга атайын программа аркылуу үн жасап сүйлөтөм. Ата-энем бул нерселерди үйрөнүп алсын деп атайын убакыт бөлүп беришкен. Жакшы мультфильм чыгаруу үчүн досторум менен сценарийин ойлонуп, аракет кылып жатабыз», - деди ал.

Апасы Нуриза Качкееванын айтымында, баласы келечекте программист болууну каалап жатат.

«Балдарыбызды жаңы нерселерди жаратууга шыктандырып, жакшы багыттарды көрсөтүп жаткан мугалимдерге ыраазыбыз. Бош убактысын текке кетирбей үйрөнүп жатат. «Келечекте программист болом» деп көп айтат. Ата-эненин милдети — балдарыбызга багыт берип,аларды колдоо», - деди ал.

Алымбек үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.