65041 Баткендин Подстанция жаңы конушуна белгисиз адамдар таштандыларды ыргытып кетип жатышат

turmush
Скачать
Просмотров: 66
 
Опубликовано 10 Декабря 2018, 11:50

Баткен шаарынын Подстанция жаңы конушунда таштандылар тазаланбай жатат. Бул тууралуу жаңы конуштун тургуну Рысбек Шаатов билдирди.

«Мурда бул жакка таштанды төгүлүп келген. Кийин аны көмүп салышкан болчу. Бирок азыр дагы кайрадан таштанды төгүлө башталды.Ал жерде жолбуун иттер үймөлөктөшүп, көчөдөн өткөн адамдарга асылган учурлар да болуп жатта. Балдарыбызды мектепке жөнөтөкөндө иттерден коркобуз. Бул көйгөйдү ким көзөмөлдөйт?», - деди ал.

Ал эми Баткендин «Тазалык» ишканасынын директору Дамирбек Назаровдун айтымында, бул аймакта буга чейин таштанды ташталып келгени анык. Бирок быйыл июль айында таштанды ташталган жерлер көмүлүп, учурда шаарда 12 км алыс аралыктагы 25 гектар жер аянты мэриядан ажыратылып, таштандылар ошол жакка ташталууда. Азыр белгисиз адамдар таштанды төгө баштаптыр. Бул маселе боюнча квартал башчылары менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Эгер андан кийин да кайталана турган болсо, чара көрүлөт.