Кадамжайдын Кара-Жыгач айылында 26,6 млн сомго курулган бала бакча ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 579
 
Опубликовано 7 Декабря 2018, 15:43

Бүгүн, 7-декабрда Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында «Гүлү Кара-Жыгач» бала бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Гайбуллаевдин айтымында, 100 орунга ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталган. Заманбап типте курулган имарат көмүр менен жылытылат. Анын жалпы сметалык баасы 26 млн 697 миң сомду түзгөн. Ата-энелер тарабынан 348 миң сом, жеке демөөрчү тарабынан 2 млн 349 миң сом, ишканалардын биринен 24 млн сом каржыланган. Учурда бул бала бакчадагы 4 тайпада 110 бала тарбияланууда.

«Бүгүнкү күндө күндө район аймагында жалпы 6000 миңдей бала бала бакчага барат. Бул бала бакча райондогу 44ү бала бакча болуп ачылды», - деди ал.

Вице-премьер-мининстр Чолпон Султанбекова баш болгон чиновниктер, жергиликтүү тургундар катыш иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдар тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланды.