Баткенде кызматтан бошотулган чиновник А.Абдрахмановдун кайра кызматка келүүсүн талап кылгандар нааразычылык акцияга чыгышты

turmush
Скачать
Просмотров: 959
 
Опубликовано 6 Декабря 2018, 16:34

Баткен облусунун жетекчисинин кызматтан бошотулган орун басары Алишер Абдрахмановдун кайра кызматка келүүсүн талап кылган эл митингке чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, 100гө жакын адам чогулуп, Алишер Абдырахманов мурдагы ордуна келбесе, анда башка бир кызматка дайындалуусун талап кылышты.

«Алишер Абдрахманов келгенден бери бизде чек ара маселеси бир аз болсо да чечилип, тажиктер менен уруш-талаш аз болуп калды. Анын салым чоң. Биздин кадрды эмне үчүн алып коюшту. Бизден кадрлар министрликте да жогору жакта жок болгондуктан биздин облуска көңүл бурулбай келет. Ошого эгерде Абдрахманов ордуна келбесе анда башка кызматка дайындалсын», - деди Баткен районунун тургуну Калыс Мырзаев.

Чогулгандар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевди иш ордунан таба алышкан жок. Андыктан кагаз жүзүндө жогору жактагы бийлик өкүдөрүнө кайрылуу жасашты. Алар А.Абдрахмановдун кызматынан өз арызы менен кеткенине ынанышпайт.

«Абдрахмановдун өз арызы менен кеткенине ишенбейбиз. Абдрахманов кайра кызматка келсин. Өкмөт башчы туура чечим кабыл алуусун суранабыз», - деди Баткен районунун тургуну Касым Мырзаев.

Баткен облусунун жетекчилигинин аппарат башчысы Мунар Насировдун айтымында, чогулгандардын талабы тиешелүү жетекчилерге жеткирилет.

«Эл мурдагы губернатордун биринчи орун басары Алишер Абдрахмановдун кызматтан кеткенине наразычылыгын билдирип чыгышты. Алар кагаз жүзүндө кайрылууларын жазып беришти. Биз тиешелүү жетекчилерге жеткирип, алардын талабын карайбыз. Албетте мурдагы губернатор өз арызы менен кеткен болчу», - деди Насиров.

Алишер Абдырахманов облустун жетекчисинин орун басары болуп 2016-жылдын август айында дайындалган болчу. Ал 2018-жылдын 4-декабрында өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Анын ордуна Жылдызбек Исакулов орун басар болуп дайындалган. Исакулов буга чейин Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Чогулгандарга жаңы дайындалган орун басар Жылдызбек Исакулов чыгып жолугушту.

«Мен да Баткендин кулунумун. Өз элим үчүн кызмат кылууга даярмын жана элдин ишеничин актаганга аракет кылам», - деди ал.

Ал мындан тышкары облус башчысы учурда чет өлкөдө жүргөндөгүн, ал келгенде айтылган талаптарды жеткирерин белгиледи.