Баткенде кыйноолор боюнча 14 арыз түшүп, 13 арыз боюнча кылмыш иш козголгон эмес

turmush
Скачать
Просмотров: 135
 
Опубликовано 6 Декабря 2018, 16:43

Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында кыйноолордун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Баткендеги өкүлү Айгүл Таабалдиеванын айтымында, иш-чарага прокуратура, милиция, чек ара кызматынын катышты. Анда негизинен Баткен облусунда кыйноолорду алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар, убактылуу кармоочу жайдын начар шарттары жөнүндө маселе каралды. Быйыл аларга 14 арыз, 4 кайрылуу келип түшкөн. 1 арыз боюнча кылмыш иш козголуп, 13 арыз боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

Кайрылуулардын негизинде Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Кадамжай РИИБдин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин үстүнөн 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иш козголду. Бирок УКМКнын кароосунда кылмышка жооптуу адам аныкталбагандыктан иш убактылуу токтотулду.

Ошондой эле Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2018-жылдын 17-сентябрында Кадамжай РИИБнин тергөөчүсү Ш.К.нын тартиптик жоопкерчилигин чечүү үчүн Баткен ОИИБдин башчысына сунуш берилди. Калган арыздар боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылды.