Баткен шаарындагы үйдүн короосуна карышкыр кирип, койлорду кырып кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 1783
 
Опубликовано 6 Декабря 2018, 11:23

5-декабрдан 6-декабрга караган түнү Баткен шаарынын Базар-Башы айылында короодогу 7-8 койго карышкыр салып жарып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мергенчилер кабарлады.
Алардын айтымында, короого жалгыз карышкыр кирген. Жырткыч койлордун жөн гана ичин жарып өлтүрүп кеткен. Үй ээси кыйкырып, ызы-чуу кылганда качып кеткен. Малдын ээси жарылган койлордун экөөсүн мууздап, адалдап калууга жетишкен.
Учурда жергиликтүү мергенчилер карышкырды атып жок кылуу иштерин жүргүзүүдө.