Кылым карыткан жаш: Таластык Тунук апа жаш кезинде 8 наристесинен ажыраса да азыр бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 509
 
Опубликовано 4 Декабря 2018, 12:37

Талас районунун Козучак айылынын 99 жаштагы тургуну Тажыканова Тунук апа жаш кезинде жетим калып, эрте турмуш куруп көп кыйынчылык тартса да азыр бактылуу карылыкта жашап жатат. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында Тунук апа 1919-жылы Козучак айылында төрөлгөн. 2 бир туугандын улуусу болгон. Жолдошу Тажыканов Дилдебек ата 2002-жылы көз жумган. Аксакал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болчу.

«Мен бул үйгө 16 жашымда келин болуп келгем. Атам, апам да кайтыш болуп, жолдошум бир туугандары менен жетим калган экен. Ошол жетимдерге бел болуп, жолдошум Дилдебек экөөбүз аларга ата-эне болуп чоңойттук. Ал кезде жетип, жетпеген жашоо, күндүз кырманда жүрөм. Балдар үйдө калат эле. Кечкисин келип балдарга тамак-аш даярдап, күндүн кантип өткөнүнүн дагы билбей калчубуз. Үйдүн улуусу болгондуктан бир туугандарыбызды үйлөнтүп, жолдошум экөөбүз баш-көз болдук», - деди ал.

Карманыбыз буга катар эле жаш кезинде 8 наристеси чарчап калгандыгын кошумчалады.

«Өзүм 13 балалуу болдум. Бирок жашымдан бала токтобой ымыркай кезинде 8 балам чарчап калды. Эне үчүн баланын күйүтү эне үчүн жаман экен. Калган 5 балам аман болсун деп эле олтуруп калдым. Азыр кичүү баламдын колундамын. Келиним Айнакан мени карап жатат. Биз көрбөгөн жакшы күндөрдү балдарым көрсүн. Мени баладай кылып карап жатканы үчүн келиниме алкыш айтып олтурам», - деди Тунук апа.

Келини Чынара Эшимбаеванын айтымында, апасы жасаган шырдактары эстелик катары сактап келе жатат.

«Апам мен келин болуп келгенде 56 жашта эле. Улуу абысыным экөөбүздү катар отургузуп алып, төшөк кабыганды, шырдак шырыганды үйрөтчү. Колунан аялзатына тиешелүү жумуштун баары келген ууз аял болчу. Кимибиз ооруп калсак апам балдарын карап, тамак-ашын жасап берип ошол келининин үйүндө жүрчү. Ушундай калыс аял, ар бир баласын бөлгөндө бардыгына тегиз карап, келиндерин тарбиялап алды.

Өзү тоодо жүргөндү жакшы көрчү. Тоонун карагатын терип келип, кыям жасап, баарыбызга бөлүп берчү. Апамдын жасаган шырдактарын эстелик катары сактап келе жатам», - деди ал.

Башка келини Айнакан Темиралиева Тунук апа үйдүн көркү экендигин белгиледи.

«Көпчүлүк учурда эки заманды салыштырып калат. Мага «ынтымактуу болгула, сен дагы мендей болуп көп жаша» деп батасын берип турат. Апам үйүбүздүн көркү. Келиндерин өз кызындай тарбиялаган кайраттуу аял», - деди ал.

Тунук апанын жыйырманчы небереси Рустам Тажыканов чоң апасынын таттууларын көп жегендигин эскерди.

«Биз шаарда туруп эс алуу күндөрү айылга келчүбүз. Биз келгенде чоң апам аябай кубанып, биздин каалаганыбызды жасап берчү эле. Биз бала кезде чоң апам бизге деп түйүнчөккө атайын таттууларды чогултуп койчу. Кээде келе жатканда чоң апам түйүнчөгүн качан ачат деп күтүп калчу элек. Бизге «күчтүү болосуңар» деп тоонун карагатын, бүлдүркөнүн көп берчү», - деди ал.

Тунак апа 5 бала, 25 небереге, 76 чөбөрө 11 чөбөрөнүн апасы.

Кылым карыткан апа буга чейин Turmush басылмасына ден соолугу жакшы экендигин айткан болчу.

«Ата-энем Суусамыр жайлоосунун Тунук айылында мал багышчу. Мен ошол жакта төрөлүп, атымды Тунук деп ошол айылдын атынан коюшкан экен.

4-классты эле аяктадым. Жолдошум согушка катышып, аман-эсен кайтып келди. Жаш кезде кыйынчылыктарды көп көрдүм. Оорукта тамеки тизип эмгектендим. Абышкам экөөбүз 4 уул, 1 кызды тарбиялап чоңойттук. Бардыгынын өздөрүнүн үй-жайы, кесиби бар. Ар бирин кыдырып жүрө берем. Жолдошум 70 жаштан ашып кайтыш болду. Азыр ден соолугум жакшы, көзүм көрөт, кулагым угат», - деген болчу.