64682 Баткенге депутат айымдар келип, аялдардын укугу жөнүндө маселени талкуулашты

turmush
Скачать
Просмотров: 30
 
Опубликовано 4 Декабря 2018, 11:30

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин депутат айымдары Баткенде «Аялдардар, тынчтык коопсуздук, коомдук угуу» деген аталыштагы жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.
Маалыматка караганда, жолугушууга депутаттар Карамат Орозова, Айнура Алтыбаева, Аида Касымалиева келди. Иш-чарага Баткендеги район-шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, чиновниктер, жергиликтүү кыз-келиндер катышты. Анда бүгүнкү күндө аялдарга жана балдарга болгон зордук-зомбулук жана гендердик теңчилик тууралуу кеп болду.
«Үй-бүлөдө болобу, саясатта болобу аялдын орду башка. Учурда парламенттеги депутаттардын 20-30% аялдар түзөт. Бул жерде бийлик талашуу эмес, маммлекетти коргоо, өнүктүрүү үчүн иштөө болуп саналат. Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарында да аялдар өтө аз. Жогорку Кеңештен караганда жергиликтүү кеңештен башташ керек», - деди Карамат Орозова.