Аксылык Тойчубек Абдуллаев, үйүн алдырып ийүү коркунучунда турат

turmush
Скачать
Просмотров: 1013
 
Опубликовано 14 Ноября 2018, 17:02

Аксылык Тойчубек Абдуллаев, насыяга алган 14 жылкысы Өзбекстандын чек арасынан өтүп кеткенден кийин турмуштун оор сыноосуна кабылды. Насыяны убагында төлөй албаганы үчүн, үйүнөн ажырап калуу коркунучунда турат.

Аксы районун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл тилкесинде жашаган Тойчубек Абдуллаев үй-бүлөсү менен турмуштун оор сыноосуна кабылган. 44 жаштагы келинчеги майып болуп баспай калса, кызы психологиялык жактан оорукчан болуп калган.