Улуттук университеттин студенттери бут кийимин чечип алып жылынышабы?

turmush
Скачать
Просмотров: 629
 
Опубликовано 14 Ноября 2018, 16:25

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №8 окуу имаратындагы журналистика факультетинин студенттери аудиториялардын сууктугуна нааразы болууда.

«Аудиториялар суук… Батареялар эптеп жылуу… Терезелер жылууланмак турсун, толук жабылган да эмес… Мындай шартта ооруп калуу жеңил эле… Сабакка келбей калсаң, жыйынтыгы айдан ачык», - деп жазган студенттердин бири Фейсбук социалдык түйүндөгү баракчасына.