Жылуулук берилбей жатат: Таласта үшүп жатканын айткан тургундарга жылуулук ишканасы жооп берди

turmush
Скачать
Просмотров: 428
 
Опубликовано 14 Ноября 2018, 16:07

Талас шаарындагы көп кабаттуу тургундар үйлөргө жылуулук берилбей жатканына даттанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

«Талас шаарында кар жааган күндөн тарта 2 күндөр бери жылуулулук жок олтурабыз», - деди алар.

Ал эми Талас шаарынын жылуулук ишканасынын жетекчиси Мирлан Мамадалиевдин айтымында, кечээ ишканадагы меште оңдоо иштери жүргөн үчүн жылуулук берилбей калды.

«Көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей калганы чын. Бизде жалпы 4 меш бар. Кечээ, 13-ноябрда мазуттун идишин (емкость) которуу жүрүп жаткан (мазут түгөнүп калганда, экинчи идишке которуу иштери жүрөт). Мазут пар менен иштелип чыгат, пардан суу чыгат (конденсат). Ал суу сөгүлгөн соң насос иштебей калды. Түнү менен борбордук меште насосту оңдоо иштери аткарылды. Эми гана меште от жагылып жатат. Өзүнүн нормасында жылуулука жеткенде гана көп кабаттуу үйлөргөн жылуулук бериле баштайт», - деди ал.