Жалал-Абадга түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөндөрдүн унаасы кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 6456
 
Опубликовано 12 Ноября 2018, 17:23

Кочкор-Ата шаарынан Жалал-Абад шаарына түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөндөрдүн унаасы кармалды. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» ААКтын коопсуздук кызматынын жетекчиси Радиш Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир айдан бери Кочкор-Атадан жөнөтүлгөн мунай Жалал-Абадга кеч келип жаткан. Мындан улам ААКтын жетекчилиги баш болуп, мунай өткөн түтүктү карап, издөө аракетин көрүп келишкен.

«Кочкор-Атадан түтүк аркылуу чыккан мунай Жалал-Абадга келгиче азайып кеткен учур орун алып жатты. Мындан улам акционердик коомдун жетекчиси да талапты катуу коюп, бир айдан бери себебин издеп жүрдүк. Коопсуздук кызматы да болгон күч аракетин жумшады. Жөнөкөй атуулдар жардам беришти. үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 9-ноябрына караган түнү «Портер» үлгүсүндөгү унаага атайын даярдалган идиштерге мунай куюп жаткан адамды көрүп, жергиликтүүлөр аны тасмага түшүрүп алышкан.

Анан биринчи болуп тургундар мага кабар беришти. Ошол замат мен милицияга кабар бердим. Уурулар окуя болгон жерден качып кетишкендиктен, алар кармай албай калышкан. Унаасы калып калган экен, көрсө Сузакта мунай өткөн түтүктү тешип, мунай алууга ыңгайлаштырып коюшуптур.
http://www.turmush.kg/news:355237/?fr...