Катар-катар жол тандабас унаалар, тосулган адамдар: Ч.Айтматовдун мааракесине келген депутат, чиновниктердин кортежи

turmush
Скачать
Просмотров: 9103
 
Опубликовано 8 Ноября 2018, 12:41

Бүгүн, 8-ноябрда Талас облусунда жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексин депутаттар жана чиновниктер жол тандабас унаалар менен келишти. Алар келе жаткан учурда маараке жаңы келген адамдарды тосуп турушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабек, депутаттар Иса Өмүркулов, Алмамбет Шыкмаматов, Зарылбек Рысалиев, Садык Шернияз «Учкун» ААКтын директору Даир Кенекеев, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев жана башка чиновниктер келишти.