Кийизге жан киргизип, өмүр берген кол өнөрчү К.Мурсалиева жаш уздарды тарбиялап жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 169
 
Опубликовано 18 Октября 2018, 17:58

Кочкор районунун 57 жаштагы тургуну Какен Мурсалиева кийизге жан киргизип, өмүр берген уз айым. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенип калышыма апамдын салымы чоң. Анткени ал айылдагы алдыңкы уздардын бири болчу. Эсимде айылдагы апалар кийиз жасап, ага оюу түшүрүп, шырдак оюшчу. Мен да аларга кол кабыш кылып жүрүп эле өздөштүрүп алгам. Эң биринчи жолу 5-класста өзүм шырдак ойгом. Кийиз менен иштөөгө кызыгуум мурункудан да арта артты. Билим алып жатканда да кол өнөрчүлүктү таштаган жокмун. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында башталгыч класстардын жана сүрөт сабагы боюнча мугалим болуп эмгектендим. Иштеп жүрүп, шырдак жасоо боюнча аялдардан турган атайын топ түзүп, швед элинен келген туристтер менен иштештик. Алар буйрутма берчү, биз шырдак жасап берчүбүз», - дейт Какен Мурсалиева.