Ошто жүргүнчүлөрлү ташыган. 8 айдоочуга айып пул салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 290
 
Опубликовано 18 Октября 2018, 17:54

Бүгүн, 18-октябрь күнү, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустарга рейд жүргүзүлүп, 8 айдоочуга 1 миң сомдон айып пул салынды.
Аялдама жок жерде туура эмес токтоп, жүргүнчүлөрдү түшүрүп, чыгарганы үчүн 8 айдоочуга административдик айып пул салынды.
Рейд жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө айдоочуларга, туура эмес жерге токтотуп жүргүнчүлөрдү албоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Марат Калматов билдирди.