Тайгандардын тилин, дилин түшүнгөн А.Үметеевдин максаты жана тилеги

turmush
Скачать
Просмотров: 296
 
Опубликовано 18 Октября 2018, 16:57

Чүй облусунун Сокулук районунун 36 жаштагы тургуну Алмаз Үметеев 8 жылдан бери кыргыздын таза кандуу тайгандарын багып келет. Анын тайгандары өлкөдө өткөн ар кыл мелдештерге катышып, алдынкы орундарды алып келе жатышат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Оболу кыргыз тайганы жөнүндө кеп салалы. Тайган бул кыргыз элимдин байлыгы десем жанылышпайм. Кыргыз тайганы мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрү менен баалуу. Ээсине кылган мамилеси, өзүн алып жүргөнү, көз караштары, сыпайылыгы, алдым-жуттуму жоктугу менен айырмаланып турат. Келбети болсо өзүнө келишкен. Кулактары узун, жүнү тыбыттуу, куйругунун учу чыгырык болуп, бели ичке, көөдөнү төмөн жазы келет. Биздин тайгандар тоолуу шартка чыдамдуу келет. Ал эми күлүктүгүнө сөз жок. Өйдө-ылдый, ойдуӊ-талаа дебей бир калыпта чуркайт. Чоӊ аска зоолордо, таштак жерлерде да ылдамдык менен чуркай алат. Аркар, кулжаларды, эликтерди кубалап жетип камайт. Катуу ылдамдыкта чуркап бара жатып 180 градуска бурула алат. Кыраандыгы, эр жүрөктүүлүгү, алгырлыгы менен айырмаланат. Карышкырга коркпостон тиш салганы да өзгөчөлүктөрүнүн бири.