Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында эскилиги жеткен көпүрөөнү мигранттар оңдошууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында Москвада эмгектенип жаткан айылдаштары каражат топтоп, эски көпүрөнү оңдоп жатышат.
« Айылдын ортосунан Ак-Суу дарыясы агып өтөт. Ак-Суу дарыясынын үстүнө курулган көпүрөнүн эскилиги жетип, өтүүдө кыйналып жатканбыз. Азыр айылдаштарыбыз 60 миң сомго көпүрөбүздү оңдоп берип жатат»,-деди жергиликтүүлөр