Бүгүн, 25-сентябрда Бакай-Ата районунда өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан өрт кырсыктарынан сактанууну үйрөткөн иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бакай-Ата районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Улан Доолбек айтымында, машыгууга Бакай-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн, өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектеп окуучулары, ыктыярчылар катышты.
«Табият кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чара өтүп жатат. Бул иш-чарага 7 мектептин окуучулары катышып, алар өздөрүн өзгөчө кырдаалда кандай аракеттерди жасашы керектигин үйрөнүштү», - деди ал.
Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов кырсык тобокелдиктерин алдын алуу максатында райондо 5-октябрга чейин 1 айлык жарыялангандыгын кошумчалады.