Баткендик С.Абдилатов камактагы баласынын актыгын далилдөө үчүн 4 күндөн бери Бишкекке жөө келе жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 5286
 
Опубликовано 25 Сентября 2018, 16:37

Баткен районунун Бужум айылынын 62 жаштагы тургуну Сайтраим Абдилатов баласы ак жеринен жол кырсыгына күнөөлөнүп 2 айга камакка алынгандыгын айтып, акыйкаттык издеп, 4 күн мурда Баткенден Бишкекке жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, бүгүн Кадамжай шаарына жетти.

«25-августта түндө Кызыл-Кыя шаарынын аймагында белгисиз айдоочу бир кишини койдуруп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден эле каза тапкан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы менин балам Сайтраим уулу Кимсанбайды шектүү катары кармоого алды. Милициядан аны кармоого алынышына соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы себеп болгонун кабарлашкан. Тагырагы шектүүнүн автоунаасынын бампериндеги кандын тактары жабырлануучунун каны менен окшош чыкканы айтылган. Мен милициянын маалыматына ишенбейм. Анткени Кызыл-Кыя шаарындагы бардык орган кызматынын жетекчилери мага каршы. Алардын чыгарган анализдери жасалма. Баламдын унаасы таптаза бойдон турат. Адамды уруп кетсе, ар кандай белги болуш керек эле. Ал эми автоунаада бир да белги жок. Бул иш Кызыл-Кыяда шаардык ички иштер бөлүмүндө тергелүүдө. Балам азыр убактыулуу кармоочу жайда олтурат. Бул окуя боюнча такталбаган маалыматтар көп. Азыр самса бышырган 2 баланы күбө катары табышканын айтышууда. Бирок кээ бир адамдар «Хонда Аккорд» автуонаасы сүздү» деп да айтып жүрүшкөн. Менин баламдыкы «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа. Күбөлөр жалданган адамдар болушу мүмкүн. Бул ишке менин баламдын эч кандай катыштыгы жок. Мен акыйкаттык издеп жогорку бийликке жөө басып барам. Эгер балам күнөөлүү болгондо жолдо салпактап жүрмөк эмесмин. Кыргызстанда чындык болсо балам акталат. 4 күндөн бери жолдомун. Азыр Кадамжай шаарына келдим. Бирок кайсыл күн экенин эстей албай калдым. Жогорку бийлик бул маселени чындык үчүн карап берүүсүн суранам», - деди Абдилатов.

Окуя тууралуу:

Буга чейин камакка алынган айдоочунун атасы Сайтраим Абдилатов Бишкекте АКИпресс агенттигинде берген маалымат жыйында аталган унаа кырсык адилетсиз иликтенип жаткандыгы үчүн Ак үйдүн алдында өзүн өрттөнгө чейин бара тургандыгын билдирген.

Анын айтымында, 25-августан 26-августка караган түнү Баткен облусунун Караван айылындагы унаа кырсыктан 1977-жылы туулган адам каза болгон.

«5 күндөн кийин Баткен шаарындагы биздин үйгө тергөөчүлөр келип, бул кылмышка 21 жаштагы уулумду (С. уулу К.) күнөөлөштү. Чыңгыз деген тергөөчүнүн айтымында, далил катары унаа кырсык болгон учурда тартылган видео бар экен. Бирок алар тергөөнүн жашырындуулугуна шылтап бизге видеону көрсөтпөй жатышат», - деген Абдилатов.

Азыр анын шектелип кармалган баласы Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 2 айга камалган.

«Менин уулум бул учурда Кызыл-Кыяда болчу. Бирок Караван айылы шаардан 5-6 чакырым алыстыкта жайгашкан. Менин уулум ал жакка барган эмес», - деген ал.

Баткен ОИИБдин жообу:

Сайтраим Абдилатов АКИпресс агенттигинде берген маалымат жыйындын эртеси кийин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы анын баласынын иши ар тараптуу иликтенип жаткандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, 25-августтан 26-августка караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаева көчөсүнүн кесилишинде жол чырактын астында белгисиз унаанын айдоочусу Ош облусунун Найман айылынын 1977-жылы туулган тургун М.Н.ди койдуруп, окуя болгон жерден качып кеткен. 41 жаштагы жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүргөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жердеги дүкөндүн видеобайкоосундагы тасмалар алынып, кароо жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар алынды. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү айдоочу катары Баткен районунун Бужум айылынын 20 жаштагы тургуну Сайтраим уулу Кимсанбай кармалган.

Калыстардын катышуусунда ага таандык болгон «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаага кароо жүргүзүлгөндө анын алдыңкы жагынан кызыл түстөгү канга окшош тактар табылып, маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык эскпертизалар дайындалган. Экспертизанын корутундусунда маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Экспертизанын корутундусунда 41 жаштагы М.Н. аталган кырсыкта башынан алган жаракатынан улам каза болгондугу такталган. Сайтраим уулу Кимсанбай 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, обьективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып, толук кандуу тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылган милициянын маалыматында.