Айыл турмушу: Таластык Шайым апа 35 жылдан бери 10 миң сомдук шырдактарды жасап келет

turmush
Скачать
Просмотров: 160
 
Опубликовано 25 Сентября 2018, 15:43

Талас районунун Талды-Булак айылынын 68 жаштагы тургуну Жанталиева Шайым апа 35 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты .

Өзүнүн айтымында, 35 жылдын ичинде 80 шырдак жасаган.

«Өзүмдүн апамдын аялга тиешелүү бардык иштерге жөндөмдүүлүгү бар эле. Өрмөк өрүп, ала кийиз жасап, шырдак шырып, чий жасап, кыздын себин камдачу. Апамдын кылган эмгектерин көрүп, үйрөткөн нерсесин үйрөнүп чоңойдум десем болот. Апамдын эмгегин улап, 35 жылдан бери чеберчилик менен алек болуп келе жатам. 35 жылдын ичинде жалпы 80 шырдак шырып жасаптырмын. Өзүмдүн 4 кызым бар. Аларга төрттөн шырдак жасап бердим.

Бир шырдакты жасоого 1 же 2 ай убакыт талап кылынат. Жүндү жууп, ак кийизди ар түрдүү боёко салабыз. Боёктун 1 кашыгын 50 сомдон сатып алам. Андан соң оюмун түшүрүп, жөрмөп, ыскыттарын басам. Көбүнчө туурасы 2 метр узуну 3,5 метрдеги шырдактарды жасайм. Бул көлөмдөгү шырдак көп колдонулат. Ошондуктан кардарлар дагы ушул көлөмдөгү шырдактарга буйрутма беришет. Таза жүндөн жасалгандыктан кардарларга 10 миң сомдон сатам.

Малдын тээрисинен да олпокторду жасайм. Алгач айран менен ашатып, жууп тазалап, ийлеп даярдайм. Даяр болгондо формасын түшүрүп, кесип алып олпокторду жасай берем. Төртүнчү кызым Аида көл өнөрчүлүкө жакын. Билбеген нерселерин менден келип сурап, үйрөнүп кетет», - деди ал.

Шайым апа 4 кыз, 4 уулду тарбиялап чоңойткон.