Н.Сатыгулов короосуна 5 боз үй тигип, кыргыздын илгери салты менен үй той өткөрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 2022
 
Опубликовано 25 Сентября 2018, 09:58

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагынын Кашкабаш айылынын тургуну Нурсеит Сатыгулов жаңы үй куруп, өзгөчө той берди.

Өзүнүн айтымында, короосуна 5 боз үй тигип, кыргыз улуттук кийимдерди кийип, меймандарды тосуп алган.

«Көпчүлүк адамдар тойлорун кафе-ресторандарда өткөрүп жүрүшпөйбү. А, биз үйдөн эле өткөрүүнү чечкенбиз. Негизи кафедеги тойго баарыбыз эле барып жүрөбүз. Ал жакта элдер бири-бири менен жакшы сүйлөшө алышпайт. Той ээлери шашып-бушуп, даӊкылдак-дүӊкүлдөк менен өткөрүп коюп жатышат. Мындан улам тоюмду башкалардан өзгөчө кылып өткөрсөм, илгерки каада-салттарды да көрсөтсөм деп ойлоп жүрчүмүн. Кудайга шүгүр, минтип ойлогондой өткөрүп алдык. Өзүмө да жакты, элдин баарына да жакты.