Кадамжайда кышка карата даярдык көрүүдөгү кемчиликтери үчүн 5-6 мектепке айып пул салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 281
 
Опубликовано 19 Сентября 2018, 11:46

Кышка карата даярдык көрүүдөгү айрым кемчиликтери үчүн Кадамжай районундагы 5-6 мектепке айып пул салынды. Бул тууралуу Айдаркен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспексиясынын башчысы Мирзалим Асранкулов билдирди.
Анын айтымында Кадамжай району боюнча жалпы 83 мектеп бар. Алардын ичинде өрт коопсуздугу боюнча шаймандары толук эмес, эскертмелери жок жана башка кемчиликтери бар 5-6 мектепке 1000 сомдон 2000 миң сомго чейин айып пул салынды.
«Эскертүүлөрдүн мөөнөтү бүткөндө кайрадан текшеребиз. Эгер айтылган кемчиликтер жоюлган болсо жакшы, эгер жоюлбаган болсо катуураак чара колдонобуз», - деди ал.

Ал эми Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Гайбуллаевдин айтымында, Кадамжай районундагы 83 мектептин ичинен 54 мектеп көмүр менен 29 мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Отун жаккан мектептерди жылытууга 3230 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө мектептер үчүн 1160 тонна көмүр камсыздалды. Кыш мезгилине чейин мектептер көмүр менен толук камсыздалат. Ал эми өрт коопсуздугу боюнча айтылган кемчиликтерди жоюу аракеттери көрүлүп жатат.