Изилдөөчү Г.Оморова Тескей Ала-Тоого барып, «Миӊдеген жылдыздар» мейманканасында 3 түнөдү

turmush
Скачать
Просмотров: 69
 
Опубликовано 13 Сентября 2018, 15:28

4 жолу чоӊ суудан өтүп, капчыгай өрдөп, тоодон тоого, чокудан чокуга карай кеткен жол менен Тескей Ала-Тоонун мөӊгүлөрүнө саякаттап, чатырда 3 түнөгөн изилдөөчү Гүлбара Оморова бийик тоодогу сезимдери менен бөлүштү.


Бороон уруп, кар уруп...

- Менин оюмча бул аймактар Кыргызстандын эн кооз, керемет жерлери болуп саналат. Бул мен үчүн унутулгус саякаттардын бири болду. Биздин барган маршрут төмөнкүдөй: Алтын-Арашан (касиеттүү ысык булактары бар) капчыгайы, андан Эки-Чатка (эки капчыгайдан түшкөн эки суунун бириккен жери), Эки-Чаттан Таш-Тор өрөөнүнө, андан Хатиджа (бийиктиги 4200 метр) ашуусуна, андан соң Чатыр чокусу (бийиктиги 4800 метр), Чатырдан Ак-Суу мөӊгүлөрүнө бардык. Бул маршрут менен баруу даярдыгы бар, чыдамкай адамга оор деле болбойт. Бир гана 4 жолу чоӊ суулардан өтүүгө туура келет. Ошондой эле, чокуга чыгууга керектүү буюмдар, музда колдонулуучу жабдыктар менен баруу зарыл. Алгач кадимки кургак чыйыр жол менен ашууга чейин жетесиз. Бул эки күн кетет. Андан ары муз каптаган карлуу бийиктикке чыгасыз. Кайра ашуудан Таш-Тор өрөөнүнө түшкүчө мындан кийинки жолуӊуздун бардыгы ушундай болот. 4 күн алачыкта түнөдүм. Негизи тоого алыскы чокуларга барганда чатырдан башка түнөк тандоого мүмкүнчүлүгүӊүз болбойт. Ал жактагы кырка тоолор жылы бою муз менен капталып, анын үстүндө кар жатат, ал кышы-жайы эрибеген калыӊ мөӊгүлөр күнгө чагылышып, көздүн жоосун алат.

Негизи июль айынан сентябрга чейин гана барыш керек. Башка убакта барууга аба-ырайы жана кардын калыӊдыгы, маршруттун оордугу кыйынчылык жаратат. Мөӊгүнүн жанында жана үстүндө түнөгөн күндөрү абанын температурасы -18...-22... болду. Кар жаап, бороон уруп, чатырым менен кошо учуп кете жаздадым. Бирок бул жерлерде аба-ырайы тез өзгөрүп турат. Түнкүсүн суук болуп, күндүз күн чыгат же болбосо тез эле булут каптап, шамал катуу болуп, кар жаайт. Андан кийин күн ачылып, айлана жымжырт болуп калат.

Жаратылыштагы чексиз жалгыздык

- Тескей Ала-Тоо кыркасынын орточо бийиктиги 4500 метр. Анын эӊ бийик чокусу – Каракол (дениз деңгээлинен 5280 метр бийиктикте жайгашкан). Тескей Ала-Тоонун боорунда 1100гө жакын мөӊгүлөр жайгашкан. Ошондуктан бул кырка тоолор Тянь-Шань тоолорунун муздар топтолгон борбору болуп эсептелет. Ушундай оӊой менен бара албаган, адамдын буту аз баскан жерлерде түнт, ээн жаратылыштын укмуштай кооздуктарын көрөсүз. Энергиясын сезесиз. Жада калса асманда учкан куш да көрүнбөйт, жаратылыштагы чексиз жалгыздыкты сезесиз.