Экс-президент Р.Отунбаева Баткендеги чек арачылар менен жолугушту

turmush
Скачать
Просмотров: 46
 
Опубликовано 13 Сентября 2018, 11:02

Экс Президент,“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Роза Отунбаева, Баткен облусуна болгон иш сапарында, алгач Баткен районундагы Чоң-Кара чек ара заставасындагы жоокерлер менен жолугушту.

Мурунку өлкө башчысы Роза Отунбаева Баткен районундагы Чоң-Кара чек ара заставасындагы жоокерлер менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Р.Отунбаева жоокерлерге атайын дастаркон жайып, үй тамактарын жана таттууларды алып келип, чай үстүндө баарлашты. Аларга мекен чегинде, мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтөп жаткан кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.