Таласта быйыл түзүлгөн жумуш орундары туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгы айтылды

turmush
Скачать
Просмотров: 303
 
Опубликовано 14 Августа 2018, 04:58

Кечээ, 15-августта Талас облусунда район акимдери, айыл өкмөт башчыларынын катышуусундагы жыйын өттү.
Жыйында облустун жетекчиси Марат Мураталиев Талас облустук статистика башкармалыгынын ишине нааразычылык билдирди.

Анын айтымында, статистикада 2018-жылдын 6 ай ичинде Талас облусунда 2 ишкана ачылып, 16 адам иш менен камсыз болгону катталган. Облус боюнча мындай көрсөткүч туура эмес. Бүгүнкү күндө облус боюнча акыркы 6 айлыкта 900-1000 адам жумуш орундары менен камсыз болгон.
«Статистика башкармалыгын акимдер көзөмөлдөп, жыйынтыгын беришибиз керек. Кантип Таласта жарым жыл ичинде 16 гана жумуш орду болот?
Кара-Буура боюнча 2018-жылы 12 ишкана ачылат. 128 адам жумуш орду менен камсыз болуусу күтүлөт деп турат. Мунун ичинен канчасы иштеп жатат? Сиздин өзүңүздүн эсебиңизде канча адам жумуш менен камсыз болду?», - деп сурады акимден.

Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров статистика башкармалыгынын ишине кийлигише албай тургандыгын билдирди.
«2017-жылы Кара-Буура районунда 30-35 жумуш оруну катталган. Быйыл дагы айыл аймактарга айыл чарба техникалары келип, жумуш орундары менен камсыздалгандар дагы бар. Сиз айткан 128 орун күтүлүүдө дегени менен официалдуу маалымат статистика башкармалыгында катталат. Статистика бизге баш ийбейт жана мыйзам боюнча биз алардын ишин көзөмөлдөй албайбыз», - деп жооп берди.