Айыл турмушу: Кадамжайлык Т.Мамадиев майып кошунасына өзү жүрүүчү араба жасап берди

turmush
Скачать
Просмотров: 213
 
Опубликовано 12 Августа 2018, 09:50

Кадамжай районунун Чоң-Кара айылынын 27 жаштагы тургуну Тургунали Мамадиев устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жакында майып кошунасына өзү жүрүүчү араба жасап, 20 миң сомго сатты. Бул араба 10 күндүн ичинде жасалып бүттү.

«Көп жылдан бери устачылык менен алектенем. Кошунам Абдинаби Алтымышев 18 жылдан бери инсульт оорусу менен ооруп, баса албай кыйналып жүрдү. Анан мен атайын өзү жүрүүчү араба жасап берейин деп чечтим. Кошунам араба үчүн атайын аккумулятор, кубаттандыруучу жабдыктарды сатып алып келди. Мен эски майыптар арабасын, шайтан арабаны бузуп 10 күндө жасап чыктым. Араба атайын чубалгы аркылуу кубаттандырылып газ менен жүрөт. 2,5 саат кубаттандырылса 1 күнгө кенен жетет. Бул менин биринчи жасаган арабам. Азыр ар кандай түрүн дагы ойлонуштуруп жатабыз. Бул араба бир дөңгөлөктүү. Эгер салмагы оор адам болсо 2 дөңгөлөк коюлат», - деди ал.

Турсунали Мамадиев буга чейин пескоблок чыгаруучу цех иштетип келген. Үй-бүлөдө 2 кыздын атасы.