Баткенде былтыр 400 сомго чейин сатылган өрүктөр быйыл 200 сомдон араң сатылууда (Мукадас Мирзоева)

turmush
Скачать
Просмотров: 140
 
Опубликовано 11 Августа 2018, 16:51

Баткен облусунда өткөн жылы ышталган өрүк базарда 200 сомдон 400 сомго чейин сатылган болсо, быйыл 200 сомго сатылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өрүк өстүргөн багбандар билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Баткендин Кара-Бак айылындагы базар, жумасына бир жолу иштейт. Базар күнү бул жака Баткендин ар тарабынан кургатылган өрүктөр алынып келинип сатылат. Негизинен өрүктөрдү тажик соодагерлери алышат. Анын анын баасын алар көзөмөлдөйт. Кургатылган өрүк Тажикстанга сатылып, ал жакта кайра иштетилип, темир жол аркылуу Россияга жөнөтүлөт. Бирок быйыл чек арадагы түйшүктөрдөн улам тажик соодагерлери аз келип, натыйжада өрүктүн баасы да арзандап жатат.
«Биз Тажикстандын Исфара шаарынан келип өрүктөрдү сатып алабыз. Биз бул иш менен совет доорунан бери алектенебиз. Бирок акыркы күндөрдө чек арадан өткөрбөй кыйнап жатат. Бизди кыйнабай жолду ачып койсо бизге да кыргызстандыктарга да жакшы болмок», - деди тажикстандык соодагер Мукадас Мирзоева.

Көптөгөн жылдардан бери Баткендин өрүгүн Тажикстан аркылуу эмес түз эле Кыргызстан аркылуу экспортко чыгарууну максат кылып жүргөн ишкер Турсунали Төлөмүшов өрүктүн баасын көтөрүү үчүн мамлекет тараптан конкреттүү аракеттер болуусу зарыл экендигин белгиледи. Антпесе негизги кирешеси өрүк болгон баткендиктердин мээнети да акталбай, өрүк арзан сатылып, эл кыйналат.
Ал эми Баткен облусунун жетекчилигинин регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаевдин айтымында, Баткен облусунда 7 миң гектардан ашык аянтта өрүк бактары бар. Ал эми 10 миң тонна өрүк кургатылбай, бышкан бойдон экспорттолот. Дыйкандар жылына 60 миң тоннадан ашык өрүктү топтоп, 30 миң тонна өрүк кургатылат.