Баткендеги багбандар күзүндө бышкан өрүктөрдү экспорттоону көздөп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 210
 
Опубликовано 9 Августа 2018, 20:54

Баткен районунда күз айларында бышуучу өрүктөр өстүрүлүп жатат. Көп жылдан бери өрүк өстүрүп, атайын кооператив түзгөн Турсуналы Төлөмүшовдун үйүндө мындай өрүктөн бир түп бар.

Анын айтымында, өрүктүн башка түрлөрү июль айынын орто чендеринде эле бышып, кургатылса, бул өрүк эми бышып баштады.

«Баткенде өрүк негизинен июль айынын башында бышып, айдын ортолорунда бутактан түшүп, кургатылып баштайт. Август, сентябрь айларында да быша турган өрүктөр бар. Аны кургатса да, кыям жасаса да болот. Учурда фермерлер өрүктүн аталган түрүн көбөйтүп, экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», - деди ал.