Лейлектик И.Юлдашев суу жетпеген 3 гектар жерди бакчага айлантты

turmush
Скачать
Просмотров: 33
 
Опубликовано 8 Августа 2018, 04:13

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Кулунду айылынын 31 жаштагы тургуну Исак Юлдашев 3 гектар кургак жерди өздөштүрүп, көчөттөрдү тигип, бакчага айлантты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бир кыздын атасы багбанчылык жана дыйканчылык менен киреше таап, үй-бүлөсүн багып келет. Жубайы Бурмакан Ысманалиева менен бирге түтүн булатканына 2 жылдын жүзү болду.

Ал 7 жыл мурун жерди өздөштүрүүгө 700 миң сомго жакын каражат сарптаган. Жер кургак болгондуктан каналдан суу алып келүүчү атайын курулма куруп, бир топ кыйынчылык тарткан. Жерди өздөштүрүүгө атасынын салымы члң болду. Себеби ал уулуна жол көрсөтүп, багбанчылыктын сырларын үйрөтүп, кеңеш берип келет. Дыйкан азырынча чыгымын эсептей элек. Анткени тиккен көчөттөрү жаңыдан мөмө берип баштады.