Чек арадагы Көк-Таш айылындагы көчө 1,5 млн сомго жарыктандырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 30
 
Опубликовано 7 Августа 2018, 21:24

Баткен районунун Аксай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылына түнкү чырактар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын башчысы Разия Осорова билдирди.

Анын айтымында, узундугу 2 чакырымга жакын Музафар Назаров көчөсүнө жалпы 23 түнкү чырак коюлду. Анын жалпы сметалык баасы 1 млн 568 миң сомду түзүп, БУУнун өнүктүрүү программасынын «Тынчтык жана өнүгүү үчүн чек аралык кызматташтык» долбоору тарабынан каржыланды.