19 жаштагы Гүлзада таластыктарды мактанчаак дегендерге ыр менен жооп берди

turmush
Скачать
Просмотров: 947
 
Опубликовано 7 Августа 2018, 04:19

Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын 19 жаштагы тургуну Гүлзада Бакаева 100дөн ашык ырдын автору. Ал 9-классынан бери ыр жазып келет. Акын кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш акын И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык укук билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун студенти. Бала кезинен бери эле адабиятка кызыккан.

«Жаратканым талант берсе, анда ага түрткү берүүчү нерселердин кереги жок. Апам мага күнүгө кечинде ырдап берчү, ал ырлардын сөздөрүн бат эле жаттап алып, ырдап жүрдүм. Ырдын тексттине көп көңүл бөлчүмүн. Сөздөрдүн мааниси, уйкаштыгы мага аябай кызык болчу. Ал эми эң алгачкы ырым 7-апрель жөнүндө жазылган. Учурда 100дөн ашык ырдын авторумун. Көбүнчө айланам тынч болуп, көңүлүм жайдары болгон учурда ыр жазгым келет. Кээде коомдо кандайдыр бир маселе жаралып, талкуу болгондо ошол темада да жазып калам. Таластыктарды мактанчаак, өпкө деп көп айтышат. Аларга жооп катары «Таластын өпкөсү» деген ырымды жазгам. Бул ырым коомчулукта көп талкууланып, телевидениеге да тартылгам.