Чек арадагы Арка айылында 26 миң долларга курулган футбол аянтчасы ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 186
 
Опубликовано 7 Августа 2018, 03:42

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылында футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөт башчысы Саатбек Эгембердиевдин айтымында, буга чейин айылда футбол аянтчасы жок болгондуктан жаш балдар Тажикстандагы аянтчага барып ойношчу. Алар кошуна өлкөнүн футбол аянтчасын акы төлөп колдонуп келишкен.

«Айыл өкмөттүн башка айылдарында футбол аянтчасы бар. Эми Арка айылында да ачылды. Аянтчаны чек арада жайгашкан айылдаргы жаштарды спортко тартуу жана кылмыштуулуктан арылтуу максатында курдук. Анын курулушуна бейөкмөт уюмдар 26 миң доллар сарптаса, анын 800 миң сомун айыл өкмөт каржылады. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө акыркы 2 жылдан бери 3 футбол аянтчасы ачылып, жаштар арасындагы кылмыштуулук катталган жок», - деди ал.