Ак-Талаа районундагы ден-соолук сакчыларына көптөгөн сыйлыктар тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 306
 
Опубликовано 7 Июля 2018, 13:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дарыгерлердин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленип, көптөгөн ден соолук сакчылары сыйлангандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 6-июль күнү маданият үйүндө ден соолук сакчыларынын кесиптик күнү бегиленип, кесип ээлерин аким Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова жана башкалар жылуу куттукташты.
Андан соң кесип ээлерине Нарын облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, райадминистрациянын, санитардык эпидемилогоиялык көзөмөлдөө борборунун, аймактык оорукананын, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аялдар кеңешинин, Кыргызстан аялдар конгрессинин ардак грамоталары, баалуу белектери жана ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин төш белгилери жана ардак грамоталары тапшырылды.
Кесип ээлерине маданият үйүнүн өнөрпоздорунун чакан концерти тартууланды.