Баткенде калкты тейлөө борборунда келгендер 2-3 күндөр кезек күтүүгө мажбур

turmush
Скачать
Просмотров: 79
 
Опубликовано 6 Июля 2018, 17:42

Баткен шаарындагы калкты тейлөө борборунда кезекте тургандар калкты паспортоштуруу бөлүмүндөгү кызматкерлерге нараазы экендиктерин билдиришүүдө.
Алардын айтымында, мекеменин кызматкерлери кардарларын жакшы тейлей албай жатат.
«3-4 күндөп кезек күтөбүз. Жаш балдары барлар да бар. Күндүн ысыгында элди кыйнабай, ар бир кардарга көңүл буруп, тейлөөнү жакшыртса болмок. Күнүнө 10гө жакын гана адамды кабыл алат. Калганыбыз кезек күтүп, 2-3 күндөп жүрөбүз», - деди алар.

Баткен райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Токтогуловдун айтымында, күнүнө бардык маселелерди жалпы алганда 200дөн ашык адам тейленип жатат.
«Кызматкерлер кардарлар көп болгондуктан бардыгын тейлеп жетишпей калып жатат», - деди ал.