Айылда чоңойгон 18 жаштагы Ханзаада «Мисс Китаеведения-2018» сынагынын байгесин жеңип алган

turmush
Скачать
Просмотров: 1330
 
Опубликовано 5 Июля 2018, 16:01

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын сулуулугу менен көптөгөн модельерлерди кызыктырган 18 жаштагы сулуу кыз Ханзаада Замирбекова «Мисс Китаеведения-2018» сынагынын баш байгесин жеңип алган. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Ханзаада Замирбекова - 2000-жылы 30-июнь күнү Баетов айылында туулган. Ал Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебин ийгиликтүү бүтүрүп, К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетине окууга өткөн. Ханзааданын атасы ардагер Замирбек Өмүркулов менен «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгер» Курманбүбү Исаманбетовнаны эң кичүү кызы.
Буга өзүнүн кичинекейинен эле ырдаганды, бийлегенди жакшы көргөндүгү, сахнага жакындыгы, мектептеги ар кандай иш-чараларга үзбөй катышып, өзүн эркин сезип жүргөндүгү, көңүл борборунда болуу жаккандыгы себепкер болгондугу анык. Азыр да бош боло калганда музыка угуу, сүрөт тартуу, окууга айрыкча көңүл бөлүүсү адатка айланган.
Алгач Ханзаада Соң-Көлдө өткөн республикалык «Манас, маданият жана туризм» фестивалында «Курманбек» дастанын айтып 1-орунду ээлеген. Ошол жерде өлкөнүн чыгаан модельерлери келип, өздөрүнүн жарашык модалуу кийимдеринин көргөзмөсүн уюштурушкан. Анда аларга Ханзааданын келбети, баскан турганы жарашып турганы жаккан. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кыргыз аялзатына келиштирип тигилген жаңы модаларын кийип чыгууну өтүнүшкөн. Ханзаада макулдугун берип, Кырчын жайлоосуна алардын чакыруусу менен барган. Кийин Ханзааданын ошол кийимдер менен сүрөттөрү Бишкек шаарынын ар кайсы жерине илинген.
Бишкекте кытай тилин үйрөнүүчүлөр арасында уюштурулган университеттер аралык «Мисс Китаеведения-2018» сынагы өткөн. Х.Замирбекова да өзүн сынап көрүү максатында катышып, жыйынтыгында жеңүүчү аталган.
Кытайдын Хайнань аралында акысыз окуу үчүн сертификат, колдо жасалган баалуу таштар менен өзгөчө кооздолгон таажы жана бизнес-тренинг менен ораторлук курстарга бекер окууга сертификатка ээ болгон Ханзаада сынакка катышып калуусунун себебин айтып берди.«Интернеттеги жарнамалардан улам билдим. Кастинг жүрүп жаткап соң, аны угуп өзүм да БГУда Кытай тили тармагында окугандыктан кызыгып, катышып көрүүнү чечтим. Мурда мындай сулуулар сынагына бир да жолу катышып көрбөгөндүктөн, алгач, албетте коркуу сезимдери болду. Бирок ишеничим күчтүү эле. Анткени, дайыма мага ишенген адамдардын колдоосу башынан күчтүү болгон. Алар мага дем берип, өзүмө болгон ишеничимди мындан да арттырды. Буга чейин ыр боюнча сынактарга катышып келгендигим мага топтолгон тажрыйба болуптур. Биз төрт этап боюнча күч сынаштык. Атаандаштарым аябай ачык-айрым, таланттуу кыздар болду. Даярдык учурунда бири-бирибизге курбудай эле болуп калдык. Бул конкурска кастинг аркылуу өткөндөн кийин бир айдан ашык даярдандык. Бул убакыт аралыгында достошууга,бири-бирибизди жакындан билүүгөүлгүрдүк. Ар бир кыз кайталангыс сулуу эмеспи. Бирок буйрук экен, жеңишке мен жеттим. Алдыга койгон тилек-максаттарым абдан көп. Эң биринчиси бир жылга Кытайга акысыз окууну утуп алгандыктан, Кытайга барып окуп келүү, билимимди треңдетүү. Буюрса, күзүндө барамын деп турам», деди Ханзаада.