Таластагы активисттер президенттен саясий эркти суранышууда №2

turmush
Скачать
Просмотров: 272
 
Опубликовано 21 Июня 2018, 18:43

Банктардан кредит алып, иштери сотто каралып жаткан адамдар бүгүн, 21-июнь күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өткөрүштү.
Алардын өкүлү Эльдар Алаковдун айтымында, алар буга чейин бир нече соттун ишине нааразы болуп кайрылуу жасашкан.
«Биздин бүгүн чыкканыбыздын себеби 20018-жылдын 18-апрели күнү Талас-АКИпрессте сот системасында коррупцияны жоюу боюнча президентибизге кайрылуу жасаганбыз. Коррупция менен күрөшүүдө Сооронбай Шариповичти колдойбуз. Бизде бүгүнкү күндө 2 маселе жаралды;
1 — Президенттен саясий эркти суранабыз. Соттор кеңешинде коррупцияны жоюу керек. Реформаны тартип коммисиядан башташ керек. Биз соттор кеңешинде тартип коммисиясына бир нече соттун ишине нааразы болуп кайрылганбыз. 5-май күнү биздин тизмедеги 4 сот президентибиздин жарлыгы менен жумуштан бошотулду. Ал эми андан мурдарак дагы тартип коммисиясына биздин жазган катыбызга кур сөз менен жооп келген.
2 — Бюрократиялык жана саясий сепаратизмге жол бербөөнү суранабыз», - деди ал.