Балдар, кыздарына өз колу менен сеп даярдап, шырдак шырыган Т.Абдракманов 33 жылдан бери айдоочулук менен алектенет

turmush
Скачать
Просмотров: 1132
 
Опубликовано 21 Июня 2018, 03:32

Turmush.kg - басылмасы «Жездеке» долбоорун улантат. Анда, коомдо айрым аялдар аткара албаган ишти аткарган жездекелердин эмгеги, жашоо-турмушу туурасында кеңири жана кызыктуу баяндамаларды сунуштайт. Бул жолку долбоорубузга Кичинесинен бери эле шырдак шырып, кийим тигип, балдарынын оокаттарына жана кызынын себин бере турчу шырдактарынын баардыгын өзү шырып, жөрмөп чыккан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 55 жаштагы тургуну Абдракмановв Тилек жезде менен аймактык кабарчы жакындан маектешти.
Т.Абдракманов - 1963-жылы Баетов айылында туулган. 4 уулу, 1 кызы бар. Өмүрлүк жубайы мектепте мугалим болуп эмгектенет. Эки эгиз небереси бар. Ал жубай экөө 30 жылдан бери бирге түтун булатып келишет.
«Негизи өзүм 8 бир тууганмын. Үйздүн эң кичүүсү болгондуктан улам, апама көп жардам берчүмүн. Шырдак шырып отурса ага жардам кылып, камыр жууруп, тамак жасап дегендей. 1 шырдакты 20-25 күндө шырып бүтөм. Эркек болгондон кийин, сыртта дагы жумуш бар да. Аны дагы кылыш керек. Эгер, бош болуп, жалан гана шырдак шырыганга отурсам анда 15-18 күндө эле бүтөм. 4 уулум бар. Төртөөнө тең өзүм шырдак жасап бердим. Учурда, эң кичүү кызымдын себин даярдап коёлу деп бул шырдакты шырып жатам. Эми, жубайы туруп, шырдак шырыганы эмнеси - деп дагы айтышы мүмкүн да. Жубайым, кырсыктап калып, балдак менен басып калганга туура келди. Ошол себептен улам, шырдак шырыганга туура келип жатпайбы. Бир кездерде, буйрутма берип шырытышчу. Бирок, шырдак эмес, кичирээк дорожка деп коёбуз го, ошолорду. Буга деле намыстанбайм. Андан сырткары, илгери 1945-жылдары атам апама бут менен тээп кийим тиккен машина берген экен. Ошол апамдын оокатын азыркыга чейин колдонуп, олпок жасайм. Байбичем, сырткы кабын тигип берет, мен ичине өлчөмү менен синтефанун салып, оозун тигип чыгам» - дейт Т.Абдракманов.
Союз учурунда Россиянын Горький шаарындагы 13 мин аскердик училищада аскердик милдетин өтөп, өмүр боюу айдоочулук кесипти аркалап келе жаткан Тилек жезде, райондук ооруканада тез жардам унаасын, андан кийин башкы дарыгерлердин айдоочусу болуп эмгектенип, учурда дагы атасынан калган «Москвич» автоунаасы менен 33 жылдан бери ич ара такси кызматын кылып, бир күндө 1 миң сомго чейин киреше таап келет. Атургай, Баетов айылында эн алгачкы таксист болгондугун дагы эскерет.
«Убагында, 500 гө чукул канаттуу бактым. Алардын ичинен индюк, тоок, каз, атургай коён бактым. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. мал жандык, бодо багабыз. Мал баккан сарайым бар. 4 уулум тең аскердик милдетин өтөп келишти. Жогорку билимдүү. Бир уулум мектепте мугалим. Бирөөсү Бишкекте троллейбус айдайт, кичүүсү жакында эле аскерден келди. 83 аскердин ичинен «Мыкты жоокер» наамын алып келди» - дейт сыймыктанган Тилек жезде.