Чөп чаап, отун жарган 36 жаштагы Н.Шергазиевага кайнатасы З.Кайназаровадай келиним - деп баа берет

turmush
Скачать
Просмотров: 726
 
Опубликовано 21 Июня 2018, 02:08

Turmush.kg - басылмасы «Жеңеке» рубрикасын улантат. Бул жолу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылына Чүй өрөөнүнөн келин болуп келген 36 жаштагы Наргиза Шергазиева болмокчу. Баетов айылына келин болуп келген Наргиза жеңе бакчасына жер-жемиш, жашылчанын түрүн өстүрүп, картошка түптөп, чөп чаап, чөп жыйнап жолдошуна чоң колдоо кылат. Н.Шергазиева менен аймактык кабарчы маектешти.
Н.Шергазиева 2005-жылы жолдошуна турмушка чыгып, андан бери 7 бала төрөгөн. Бирок, тилекке каршы, бир баласы чарчап калган. Учурда 6 баланын сүйүктүү энеси. Өзгөчөсү, 2011-жылы эгиз бала төрөп (бири кыз, бири эркек) уулунун атын экс-президенттер Алмазбек Атамбаевдин атынан Алмазбек деп койсо, кызын Роза Отунбаеванын ысымын ыйгарган. Жолдошу курулушта иштеп, колу бошобогундуктан улам сырттагы айрым эркек адамдарга тиешелүү иштерди өзү эле аткарат.
«Жолдошум көп учурда колу бошобойт. Кайнатам менен кайненем кары адамдар. Ошондуктан улам үйдөгү да, сырттагы джа жумуштарды өзүм эле аткарам. 13 сотых картошка айдайм. 1 тоннадан ашык түшүм берет. Жер-жемиштерди айдап, алардын түшүмунөн буйрутма бергендерге салат, варенье жасап берем. Кирешеси кудайга шүгүр. Жазында алма-өрүк бутайм. Негизи, өзүм Чүйлүк болгондуктан, ата-энем бизди эмгекчилдикке тарбиялаган. Мындай иштерди аткарып жатканыма намыс кылбайм. Атургай отун жарам. Чөп чабам, чөп жыйнашам. Жолдошу менен кайнатам сугат жагын сугарып беришет. 6 балам бар. Өзүм кийим тигүү жагынан билим алгандыктан, балдарыма кийимдерин өзүм эле тигип берип коём. Эми, оор жумушту жасаганда албетте кыйналасың, бирок эс алып иштей берем. 13 сотых картошканы 2 күндө эле түптөп коём. Быйыл, «Эне даңкы» медалына сунуш кетиришти. Кудай кааласа келип калаар» - дейт Наргиза жеңе.
Ал эми, союз учурунда алдыңкы малчы катары таанылган, айылдын ардактуу ардагери Бөлөкбай Алыкеев келини Наргиза жеңеге Зууракан Кайназорва деп баа берет.
«Наргиза биздин бүлөгө келгенине 12-13 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр. Келинибиз тың. Келинибиз менен сыймыктанабыз. Жайды жайлай жер-жемиштин түрүн өсүтүрөт. Картошка айдайт. Биз болгону сугатын эле сугарып беребиз. Огородду тосуп чыкты. Бизге ысык чайын берип, тамагын жасап берип, капа кылбайт. Илгеркидей мезгил болгондо, келиним Зууаракан Кайназаровадай болмок экен. Жер иштетүүгө укмуш кызыгат» - дейт кайнатасы Б.Алыкеев.